Кедейкан көчөсүндө асфальт төшөө иштери аяктады
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Кедейкан көчөсүнүн Мессарош көчөсүнөн Набережная көчөсүнө чейинки тилкесинде асфальт төшөө иштерин жыйынтыктады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.
Иштердин алкагында эски асфальт алынып, негиз грейдер менен тегизделип, виброкаток аркылуу тыгыздалды. Негиз даяр болгондон кийин адистер ысык асфальтобетон аралашмасын төшөп, иштерди толук бүткөрүштү.
Кийинки этапта жолчулар жаңы асфальттын деңгээлине ылайык 50дөн ашык кудук капкактарын көтөрө башташат, андан кийин жол белгилери чийилет.
