“Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
14 январь

“Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында кабыл алынган. 

Алсак, кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордун белгилөө;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына бир фракциядан, депутаттык топтон 4төн ашпаган мүчө кирет;

– манжалардын издери боюнча жана (же) беттин геометриясы боюнча таануу функциясы бар добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен добуш берүүнүн колдонуу мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып белгилөө сунушталууда.