Бишкек шаарында мессенджерлерди колдонуу менен ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалды
6 февраль

Бишкек шаарында мессенджерлерди колдонуу менен ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

2025-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна Г.Ч. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, өзүн Кыргыз Республикасынын УКМКсынын жана банк мекемелеринин кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Белгисиз адамдар ар кандай телефон номерлерин колдонуп, WhatsApp мессенджери аркылуу байланышкан.

Аталган адамдар жабырлануучуну адаштырып, психологиялык басым көрсөтүү аркылуу ар кандай каржылык операцияларды жүргүзүү зарылдыгы тууралуу көрсөтмөлөрдү беришкен. Натыйжада жаран өзүнө таандык батирин сатууга мажбур болуп, алардын көрсөтмөсү боюнча акча каражаттарын көрсөтүлгөн эсептерге которгон. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 22 130 000 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталып, кармалды: 2007-жылы туулган А.Ж., 1998-жылы туулган Б.С. жана 2002-жылы туулган Н.М.

Аталган жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого, кошумча маалыматтарды жана далилдерди чогултууга багытталган ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралар улантылууда.