Депутаттар Россиядагы мигранттарга жумуш таап берүү маселесин көтөрүштү
14 январь

Депутаттар Россиядагы мигранттарга жумуш таап берүү маселесин көтөрүштү

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков ага Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардан кат келгенин билдирди. 

Айтымында, мыйзамдуу иштеген мигранттар дагы реестрге кирип калышкан жана ага байланыштуу банк карталары бөгөттөлүп, жүрүп-туруулары чектелип, өлкөдөн чыгып кетүү талабына туш келишкен. 

“Мигранттар айрыкча, жаңы жыл алдында оор материалдык абалга туш келишкен. Мындан улам алар бизге кайрылып, Кыргызстандын тиешелүү органдары Россиянын компетенттүү түзүмдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мыйзамдуу иштеген мигранттарды реестрден чыгарып берүүнү суранып жатышат”, – деди Өмүрзаков. 

Депутат Чыңгыз Ажибаев дагы мигранттар маселесине кайрылды. Ага да мигранттар байланышка чыгып, реестрден улам Россияда жергесинде иштөөгө мүмкүн болбой калганын, андыктан Кыргызстандан жумуш табылса, келип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришкен. 

“Алар айтып жатышат, Мамлекеттик ипотека куруп жаткан курулуштарда иштөөгө даяр, бригадалары да бар экен”, – деди ал.