Кыргызстандагы 600 айылга таза суу киргизилет. Маселе мамлекеттик программага киргизилген
17 ноябрь

Кыргызстандагы 600 айылга таза суу киргизилет. Маселе мамлекеттик программага киргизилген

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда таза ичүүчү суу жана сугат суу менен камсыздоо багытында ири жана маанилүү иштер аткарылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка караганда, учурда республика боюнча 119 айылда таза ичүүчү суу жеткирүү боюнча курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, жалпы 600 айыл таза суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программага киргизилген.

Сугат суу тармагында да кеңири иштер жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта 14 суу чарба объектинде курулуш жүрүүдө, дагы 18 объект боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүп жатат.

2026-жылга чейин 55 ирригациялык объектти – насос станцияларын, каналдарды, БСР жана БДР куруу пландаштырылууда. Бул иш-чаралар айыл чарбасын өнүктүрүүгө, дыйкандардын эмгегин жеңилдетүүгө жана суу тартыштыгын азайтууга багытталган.

Ошондой эле Курултайдын делегаттары менен Министрликтин өкүлдөрү ар жумада жолугушууларды өткөрүп, делегаттар көтөргөн маселелер тыкыр каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып, аткарууга алынууда. Бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатат.