Ош облустук милициясында саптык кароо өткөрүлдү
Бүгүн, 17-ноябрда Ош ОИИБге караган түзүмдөрдө саптык кароо өткөрүлдү, деп кабарлайт облустук милициянын маалымат кызматы.
Билдирүүдө айтылгандай, алгач мамлекеттик гимн аткарылып, өздүк курамга бир жума аралыгында облус аймагындагы жалпы коомдук саясий абал, катталган кылмыштар жана багыттамалар маалымдалды.
Башкармалыктын жетекчилиги өздүк курамдын кызматтык кийимди кышкы мезгилге карата кийүү тартибин жана кызматкердин жанында болуучу шаймандардын тийиштүү буйруктардын талаптарына дал келүүсүн текшерди.
Аны менен катар кызмат, бөлүм жетекчилерине жана өздүк курамга 2025-жылдын 30-ноябрь күнү өткөрүлүүсү белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өнөктүгүнө карата коопсуздук чараларын күчөтүү, үгүт иштерине аралашпоо, жарандардын кайрылуулары боюнча ыкчам чара көрүү жана кызматтык тартипти сактоо боюнча бир катар тапшырмалар коюлду.
Иш-чара салтанаттуу саптык жүрүш менен жыйынтыкталды.
