Чолпон Жумабаева: Жаштар көп зыяндуу нерселерди мода катары кабыл алып, кесепеттерине көңүл бурбай жатышат
Кыргызстанда студенттер арасында зыяндуу азыктарды мода катары кабыл алуу калыптанган. Бул тууралуу Бишкектеги студенттер бейтапканасынын башкы дарыгеринин орун басары Чолпон Жумабаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Айтымында, ошол эле убакта жаштар арасында сергек жашоо образын кармангандар да кездешет. Бирок өкүнүчтүүсү, көбү сергек жашоону ден соолукту чыңдоочу адат эмес, мода катары кабыл алат.
“Албетте, сергек жашоого ыктаган жаштардын көбөйүшү бизди кубандырат. Бирок туура тамактанууга кээ бирлери ден соолугу үчүн басым жасаса, айрымдары мода иретинде гана мамиле жасашат. Сергек жашоо – бул туура тамактануу, таза абада көп сейилдөө, физикалык активдүүлүк жана өз убагында уктоо. Тилекке каршы, мунун баарын кармангандар жаштар арасында аз кездешет. Дээрлик баары смартфондорго, ноутбуктарга байланган. Аны бир жагынан түшүнүүгө болот, азыр баары санариптештирилип, сабагына керектүү материалдарды интернеттен табышат. Бирок кечке бүкүрөйүп отуруу ден соолукка зыянын тийгизет”, – деди дарыгер.
Ал белгилегендей, учурда студенттер арасында көз оорусу – миопия жана сколиоз көбөйдү. Бул эки ооруда дарыгерлер ошол студентти дене тарбия сабагынан бошотууга аргасыз. Мында, кайра эле физикалык активдүүлүк чектелип калууда.
Ошондой эле, Чолпон Жумабаеванын айтымында, жаштар арасында жүрөк оорулары да көбүрөөк кездешип баштады. Анын да себеби – жашоо образы, электрондук тамеки, энергетикалык суусундуктар.
“Жаштар азыр абдан маалыматтуу. Алар энергетикалык суусундуктардын, электрондук тамекилердин зыянын абдан сонун билишет. Бирок аларды мода катары кабыл алып, кесепеттерине көп көңүл бурбай жатышат”, – деди ал.
