КР ИИМ жарандарды шайлоо мезгилинде добуш сатып алуу аракеттине күбө болсо, тез арада укук коргоо органдарына кабарлоого чакырат
30-ноябрь – Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. КР ИИМ шайлоо мезгилинде мыйзамдарды сактоого жана жарандык жоопкерчиликти көрсөтүүгө чакырат.
КР ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Нурлан Исмаилов билдиргендей, бул жолку парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда белгиленгендиктен жана үгүт өнөктүгү кыскаргандыктан, шайлоо маалындагы мыйзам бузуулар дагы ыкчам каралат.
Буга чейин шайлоо учурундагы мыйзам бузуулардын басымдуу бөлүгү добуш сатып алууга байланыштуу болуп келген. Нурлан Исмаиловдун айтымында, учурда жарандардын укуктук сабаттуулугу жогорулап, мыйзамды түшүнүп, добуш сатуу жана сатып алуу эмне экенин түшүнүп калышты.
Ошондой эле, ал жарандарды добуш сатып алуу аракеттерине күбө болгон чакта, токтоосуз укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырды.
Ал белгилегендей, азыр административдик басым да болушу мүмкүн эмес. Буга чейин шайлоочу бир гана өзү каттоодо турган жер боюнча шайлоо тилкесинде добуш бере алса, жаңыланган мыйзамдардын жана технологиянын өнүгүүсүнүн негизинде, азыр каалаган жериндеги шайлоо тилкесине барып, бирок өзү катталган аймактан чыккан депутаттардын бирине тандоо жасай алат.
“Административдик ресурс болушу мүмкүн эмес. Шайлоочу шайлоо тилкесине баргандан кийин, ал кимге добуш берди – эч ким карап турбайт. Тандоо – ар бир шайлоочунун жеке жоопкерчилигинде”, – деди Нурлан Исмаилов.
