Шайлоо-2025: Бири-бирин жаманатты кылууга умтулган талапкерлер жана алардын үгүтчүлөрү жоопкерчиликке тартылат
Шайлоо өнөктүгүндө атаандаштык курч жана мындан улам талапкерлер арасында бири бири тууралуу жалган, ар намыска шек келтирчү маалыматтарды таратып, атаандашын жолунан тазалоого аракеттенгендер болот.
КР ИИМнин тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысы Урмат Баялиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдиргендей, мындай жалган маалымат таратуунун жоопкерчилиги мыйзамда каралган.
“Мисалы, атайын жалган маалымат таратуу нормалары бар. Ооба, шайлоо өнөктүгү маалында мындай нерсе күч алышы мүмкүн. Бири-бирин жеңип чыгуу максатын көздөп, талапкер жана анын тарапташтары тарабынан башка талапкер тууралуу тескери маалыматтар таратылышы мүмкүн. Мындай окуялар боюнча текшерүү иштери жүрөт, эгерде ал далилденсе, талапкер же анын үгүтчүсү же штабында иштеген кызматкери болобу, БШК эскертүү берет”, – деди ал.
Баялиев “кайсы бир талапкер тууралуу жалган маалымат таратуу олуттуу маселе экенин” белгилеп, талапкерлер бири-биринин ар намысына шек келтирбеши жана баарына бирдей шарт түзүлүү мүмкүнчүлүгү мыйзамда толугу менен каралганын кошумчалады.
