Шайлоо-2025: Эки талапкер добуш сатып алуу аракетине шектелүүдө
17 ноябрь

Шайлоо-2025: Эки талапкер добуш сатып алуу аракетине шектелүүдө

КР ИИМнин тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысы  Урмат Баялиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдиргендей, учурда өлкө боюнча координациялык штабдар түзүлүп, шайлоо өнөктүгүндө мыйзамсыздыкка жол бербөө багытында иштер катуу жүрүүдө.

Ал белгилегендей, координациялык штаб – бул ИИМ, прокуратура, УКМК жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн турган ыкчам чара көрүүчү топ.

“Кылмыш жаза кодексиндеги 5-беренеде каралгандай, шайлоо маселеси боюнча туура эмес иш аракеттер жүрсө, аны жүргүзгөн тарап жоопко тартылат. Учурда республика боюнча 86 материал катталды жана аларды тергөөчүлөр ыкчам тергеп жатат, эгерде кылмыш курамы бар болсо, андан аркы жоопкерчилиги каралат, а эгерде кылмыш курамы жок болсо, БШКга жөнөтүлөт. Алар айыппул салышабы же эскертүү беришеби – карап чыгышат”, – деди Баялиев.

Айтымында, учурда эки талапкердин жер-жерлерде добуш сатып алууга болгон аракети далилденди, маалыматтар толугу менен чогултулду.

“Материалдар БШКга жөнөтүлөт, ал жактан уруксат берилсе, жоопкерчиликке тартуу иштери каралат. Бул материалдар акча таратуу, чакырык жасоого байланышкан”, – деп белгиледи.