Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1 триллион 427,3 млрд сомду түздү
17 ноябрь

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1 триллион 427,3 млрд сомду түздү

Жылдын башынан тартып ИДПнын реалдуу өсүү темпи 10 %дан жогору болуп келе жатат, бул мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын туура жана натыйжалуу багытта экенин далилдеп турат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.  

2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 триллион 427,3 миллиард сомду түздү. ИДПнын реалдуу өсүү темпи 10,0%ды түздү.

Өсүшкө бардык тармактар өзүнүн салымын кошууда. Курулуш сектору 27,7%га, кызмат көрсөтүүлөр 8,8 %га, айыл чарба 2,0%га өстү.

Өнөр жай тармагында өсүш 9,9%ды түздү. Айрыкча фармацевтикада өсүш 2 эсеге, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө – 33,6 %га, резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүдө – 33,8%га, химиялык продукциялары – 19,6 %га, текстиль, кийим-кече өндүрүүдө – 9,4 %га, ошондой эле пайдалуу кендерди казууда – 17,1%га. Бул  жакшы көрүнүш.  

10 айдын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 246,7 млрд сомду түзүп, 18,9%га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын 29 пайызы же 71,1 млрд сом республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды, бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсеге көп – былтыры 26,8 млрд сом болчу.