Ош эл аралык аэропортунда мыйзамсыз акча алмаштырган жарандар аныкталды
17 ноябрь

Ош эл аралык аэропортунда мыйзамсыз акча алмаштырган жарандар аныкталды

Ош ОИИБдин Аба транспорт бөлүмүнүн кызматкерлерине Ош эл аралык аэропортунун аймагында тийиштүү уруксат берүүчү лицензиясы жок, мыйзамсыз акча алмаштырып жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн.

Маалымат каттого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында тийиштүү укук берүүчү лицензиясы жок акча алмаштырып жүргөн 1994-жылы туулган К.уулу А. жана 1979-жылы туулган Т.М. аттуу жарандар аныкталды.

Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 299-беренесинин 1-бөлүкчөсүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан 17 500 сом айып пул салынды.