Чүй облусунда бир катар урууларына шектүү жаран кармалган
17 ноябрь

Чүй облусунда бир катар урууларына шектүү жаран кармалган

2025-жылдын сентябрь–ноябрь айларынын аралыгында Ысык-Ата РИИБге Ново-Покровка айылынын жашоочуларынан жасалган уурулуктар боюнча арыздар түшкөн. Белгисиз адам түнкү убакта, жашыруун түрдө, автоунааларга, чарба имараттарына жана үй короолоруна мыйзамсыз кирүү жолу менен кылмыштарды жасаган.

Түшкөн арыздардын кыскача мазмуну:

• 2025-жылдын 26-сентябрынан 27-сентябрына караган түнү эмерек цехинен жалпы баасы 149 500 сомдук электр шаймандары уурдалган;
• 2025-жылдын 27-октябрда жеке үйдүн короосунан болжол менен 24 000 сомдук шаймандар жана жабдыктар уурдалган;
• 2025-жылдын 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү үйдүн жанында токтоп турган Volkswagen Passat автоунаасынан 13 800 сом өлчөмүндө зыян келтирилген кража;
• 2025-жылдын 1-ноябрга караган түнү Honda Fit автоунаасынан 11 490 сомдук тиричилик жана автоунаа буюмдары уурдалган;
• 2025-жылдын 4-ноябрда НИВА автоунаасынан документтер, банк картасы жана акча каражаттары уурдалган.

Бардык фактылар каттоого алынып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-беренесинин (Уурулук) белгилери боюнча кылмыш иштери козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн кылмыштарга шектүү адамды аныкташкан. Ал мурда соттолгон, 1982-жылы туулган жаран Т.У. экени такталган. Ал КРнын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук сот тарабынан ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Тергөө учурунда кылмыш жасоодо колдонулган курал-жарактар жана айрым далил буюмдар алынган.

Тергөө иштери улантылууда. Шектүүнүн район аймагында жана башка райондордо жасалган башка кылмыштарга катыштыгы текшерилип жатат.