Кандай оорулар боюнча пенсиялык топтоону эрте ала аласыз?
1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.
2. Кан оорусу:
o курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);
o апластикалык аз кандуулук;
o гемофилия.
3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:
o кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;
o жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
o жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу:
o анын ичинде өнөкөт аневризми,
o жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;
o операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;
o облитерацияланган эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.
4. Өнөкөт боор жетишсиздиги, боор циррозу:
o В жана С гепатиттери - 4-5-стадиялар;
o органдарды трансплантациялоого муктаж болгондор жана органдарын трансплантациялоону алгандар.
5. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын алуу.