Жаңы автобекеттин курулушу 75 пайызга аяктады
14 январь

Жаңы автобекеттин курулушу 75 пайызга аяктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы автобекеттин объектисинде болуп, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Объектти кыдыруу учурунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы курулуш иштеринин сапатына, белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышына жана Президент тарабынан коюлган талаптардын толук аткарылышына өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү маселелери белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымдагандай, учурда жаңы автобекеттин курулуш иштеринин 75 пайызы аяктады.

«Бул объект Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган милдеттердин негизинде ишке ашырылып жатат. Курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, бардык этаптар бекитилген графикке ылайык аткарылууда. Максат – автобекетти талаптарга толук жооп берген деңгээлде жана белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү», – деди Каныбек Туманбаев.