Ош облустук балдар клиникалык ооруканасындагы абал боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү
Бүгүн социалдык тармактарда Ош облустук балдар клиникалык ооруканасынын (ООБКО) клиникалык-диагностикалык бөлүмүндө (КДБ) кезек күтүү чагылдырылган видео тарады. Мекеменин директору Жыргалбек Толоров мындай көрүнүш, адатта, дем алыш жана майрам күндөрүнөн кийин байкаларын түшүндүрдү. Бул күндөрү амбулатордук жардам алуу жана тар адистердин консультациясына кайрылгандардын агымы кескин көбөйөт. Дал ушундай жүктөм бүгүн, 13-январда да катталып, 600 амбулатордук кайрылуу болгон. Ал эми кечээ, 12-январда, КДБ аркылуу болжол менен 800 бала өткөн.
Ошол эле учурда оорукананын пландуу кабыл алуу үчүн жетиштүү инфраструктурасы бар: 18 дарыгердин кабинети иштейт, үч каттоо бөлүмү, эки касса жана эки терминал бар. Таңкы сааттарда талон алуу учурунда каттоодо кезектер түзүлүшү мүмкүн, бирок саат 11:00гө жакын агым бөлүштүрүлүп, адатта кезектер азаят же таптакыр жоюулат.
Директордун айтымында, өзүнчө көйгөй – айрым ата-энелер участкалык дарыгерлерине (Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна) кайрылбастан жана жолдомосуз түз эле стационарга келишет. Ош облустук балдар клиникалык ооруканасы үчүнчү деңгээлдеги медициналык мекеме болуп саналат жана анын клиникалык-диагностикалык бөлүмү маршрутташтыруусуз баштапкы кайрылуулар үчүн каралган эмес.
Ошол эле маалда КДБ менен катар мекемеде адистештирилген кызматтар штаттык режимде иш алып барат: травмпункт, ЛОР-бөлүмү, хирургия, реанимация, ОПН жана ОКП бөлүмдөрү. Бул бейтаптарды профили боюнча ыкчам бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.
Директор белгилегендей, жүктөмдүн жогору болушуна карабастан, дарыгерлер балдарга жардам көрсөтүүдөн баш тартышпайт: кайрылган бардык балдар консультация алып, зарыл медициналык жардам көрсөтүлөт.
Саламаттык сактоо министрлиги ата-энелерге маршрутташтырууну сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эскертет жана кезектердин алдын алуу, ошондой эле зарыл учурда өз убагында тийиштүү адиске жолдомо алуу үчүн Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы участкалык педиатрларга кайрылууга чакырат.
