Кыргызстанда бир жумада 350гө жакын мас айдоочу кармалды
17 ноябрь

Кыргызстанда бир жумада 350гө жакын мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда 10-ноябрдан  16-ноябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 26 миң 365 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-2 177;
  • Мас абалында унаа башкаруу -336;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-162;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 122;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 925;
  • Автоээнбаштык -19;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 029;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 7;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10 369;
  • Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 219 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.