Баткенде чек арадан аткезчилик жол менен мал өткөрүүгө аракеттенген жаран кармалды
Баткенде чек арадан аткезчилик жол менен мал өткөрүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Окуя 16-ноябрда саат 20.50 чамасында Орто-Боз айылынын Мазар-Башы жергилигинде катталган. Анда Кыргызстандын жараны Тажикстанга 2 баш ири мүйүздүү малдарды айдап өтүүгө аракеттенген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Аткезчилик фактылары аймакта этке болгон баанын жогорулоосуна да түздөн түз себеп болуп жатат. Мындан улам, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун буйругуна ылайык, облус аймагында аткезчиликке каршы күрөш активдүү уланууда.
