Кыргызстанда 1-декабрдан тарта оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат
17 ноябрь

Кыргызстанда 1-декабрдан тарта оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат

Кыргызстанда 1-декабрдан тарта оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан эске салышты. 

Эми жүргүнчү ташыган айдоочулар милдеттүү түрдө лицензия алууга тийиш. 

Аны алуу үчүн сизге төмөнкүлөр керек болот: милдеттүү түрдө автоунаа жоопкерчилигин камсыздандыруу (), унааны текшерүүдөн өткөрүү, медициналык маалымкат, үч же андан көп жылдык айдоо тажрыйбасы, автопарк келишими, жакшы жүрүм-турум жөнүндө маалымкат жана башка документтер. Оор же жеңил кылмыш иштери боюнча соттолгон айдоочуларга айдоочулук күбөлүк берилбейт.