
Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун беделдүү сыйлыгына татыды
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн БУУнун беделдүү сыйлыгына татыды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Сыйлык 25-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында ыйгарылды. Аны КР Саламаттык сактоо министрлигинин атынан БУУнун ЖЭОго каршы глобалдык күрөш маселелерине арналган жыйынына катышкан саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Ренат Мавланбай уулуна тапшырылды.
"Бул сыйлык КР Саламаттык сактоо министрлигинин, ошондой эле ЖЭОго каршы күрөшкө катышкан бардык мамлекеттик жана коомдук уюмдардын жамааттык аракетин баалоонун символу. Ал эми секторлор аралык кызматташуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга комплекстүү мамиле дени сак коомду курууда жана Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүдө маанилүү элементтер болуп саналат.
Бул сыйлык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин гана эмес, ЖЭОнун жүгүн азайтуу үчүн күн сайын эмгектенип жаткан бардык адамдардын эмгегин баалоо экенин белгилейбиз. Мындан ары да калк саламаттыгына кам көрүү боюнча аракеттерибизди улуттук жана глобалдык деңгээлде улантабыз.
Биз БУУнун Жумушчу тобуна алардын лидерлиги жана үзгүлтүксүз колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз, инновациялардын жана ЖЭО менен күрөшүүдө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилейбиз. Жетишилген ийгиликтерге карабастан, жугуштуу эмес оорулар адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурбай калышы үчүн алдыда дагы көп иштер турат", - деп билдиришти ССМнын маалымат кызматынан.
КР Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууну улантат.