Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы менен жолукту
26 сентябрь

Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы менен жолукту

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында 25-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Ян Борч менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар эки тараптуу диалогду активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыктын потенциалдуу багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде, эл аралык аренада кызматташууну талкуулашты.

Кулубаев 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлиги тууралуу маалымат берип, колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле уюмдагы Мальта төрагалыгынын күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Министр Кулубаев ЕККУнун төрагасы И.Борчтун Уюмдун жаңы жетекчилигин дайындоо боюнча аракеттерин Кыргыз Республикасы колдой тургандыгына ишеним билдирди.

Өз кезегинде төрага И.Борч Мальта төрагалыгы ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ишмердүүлүгүн толук колдой тургандыгын белгиледи.