Араванда энергетиктер 90%га күз-кыш мезгилдерине даяр
Араван районунда энергетиктер 90%га күз-кыш мезгилдерине даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош электр тармактары ишканасынын Араван РЭТи тарабынан райондун Жаңы-Жол, Нур-Абад айылдарында жана Юсупов айыл өкмөтүндө жыгач тирөөчтөр жаңы темир бетон мамычаларга алмаштырылып, КТП трансформаторлордо утурумдук жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жасалды.
Мындан тышкары, Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагындагы жогорку чыңалуудагы 10 кВ “Бостон” фидеринин эскилиги жеткен жыгач мамычаларын темир бетон тирөөчтөргө алмаштыруу иштерин жасалууда.
Азыркы тапта аталган айыл аймакта жалпысынан 63 даана 0,4 , 10 кВтук бетон мамычалары орнотулуп бүттү.
Авариялык кырдаалдын алдын алуу максатында 10кВ аба чубалгыларынын алдына өскөн бак-дарактарды кыйып, тазалоо иштери да жүргүзүлүүдө. Октябрь айында ремонттук иштер толугу менен аяктайт.
Араван РЭТи боюнча 4 аймак бөлүмгө бөлүнүп, район боюнча 6 айыл өкмөтүн тейлейт. Абоненттердин саны 29 миң 517ни түзөт жана 27 миң 207 калк, 2 миң 310 калк эмес болуп бөлүнөт.