Кыргызстанга 12 млн сомдук биологиялык активдүү кошулмаларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөнүн аймагына биологиялык активдүү кошулмаларды (БАД) мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту.
Тактап айтканда, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы рейддик салык контролунун жүрүшүндө продукцияны кол жүгү катары алып келген адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз импорт фактысы аныкталган.
Текшерүүнүн натыйжасында «ENYIDA» аталышындагы 4 400 таңгак биологиялык активдүү кошулмалар табылган. Алдын ала эсептөө боюнча продукциянын жалпы суммсасы 12 млн сомдон ашат.
Салык кызматкерлери тиешелүү актыларды түзүп, продукция убактылуу тартып алынды. Материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
