Сокулуктагы "Эдельвейс" лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды
26 сентябрь

Сокулуктагы "Эдельвейс" лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды

Сокулук районундагы "Эдельвейс" балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. 

Төш-Булак айылында жайгашкан галердин жалпы аянты 5,20 га жана аянты 493,8 чарчы метр ар кандай курулуштары бар. 

Маалым болгондой, 2004-жылы аталган лагерди жеке жактар менчиктештирип, бир нече жолу ар кандай адамдарга кайра сатканы аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ден соолукту чыңдоочу балдар лагери ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди, мында объекттин баалоо наркы 320 млн.651 миң сомду түздү.

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.