Манас шаарынын мэриясы жана анын карамагындагы бардык мекеме-ишканалар жаңы жылдык кечелерди өткөрбөйт
Манас шаарынын мэриясы жана мэриянын карамагындагы бардык мекеме-ишканалар 2025-жылга карата жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрбөйт. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынын маалымат борборунан билдиришти.
Бул чечим ысырапкорчулуктун алдын алуу жана бул багытта жарандарга үлгү көрсөтүү максатында кабыл алынды.
"Манас шаарынын мэриясы мекеме-ишканаларга жаңы жыл майрамын жылдын жыйынтыгы катарындагы расмий иш-чараларды өткөрүү менен гана чектелип, кошумча чыгымдарсыз тосуп алууну эскертет. Ошондой эле, жаңы жылдык кечелердин ордуна шаардагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, социалдык мекемелерге көмөк көрсөтүүнү сунуштайт", – деп айтылат билдирүүдө.
