№13 округдан кайра шайлоого катышуу үчүн үч арыз түштү
Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Жалал-Абад облусундагы №13 аймактык шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышуу максатында үч адам арыз берди.
Үчөө тең өзүн-өзү көрсөтүшкөн.
Алар:
- 61 жаштагы Акылбек Арстанбеков,
- 54 жаштагы Эркинбек Маматаев,
- 56 жаштагы Уланбек Асанов.
Боршайкомдун маалыматына караганда, шайлоого катышуучулардан арыз алуу 28-январь күнү, саат 18:00дө токтойт.
Аталган округдан депутаттарды кайра шайлоо 1-мартта өтөт. Үгүт иштери 9-февралда башталып, 28-февралда аяктайт.
