Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти
17 февраль

Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти. Бул тууралуу анын тарапташтарынын бири Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү.

Видеодо анын аэропортко келгендигин жана бир катар адамдар менен коштошуп жаткандыгын көрүүгө болот. Азырынча анын эмне себептен чет жакка чыгып кеткендиги боюнча расмий маалымат жок.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 10-февралында Камчыбек Ташиевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы кызматынан бошотту. Мамлекет башчысы ошол эле күнү анын ордуна Жумгалбек Шабданбековду УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. 

Күн мурун президент "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде мындан кийин Камчыбек Ташиев кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбей тургандыгын айтты.