Бала-Саруу кичи ГЭСи туруктуу ишин улантууда
17 февраль

Бала-Саруу кичи ГЭСи туруктуу ишин улантууда

Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттыруу жана сапатын жогорулатуу максатында Энергетика министрлиги жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө жана энергетикалык инфраструктураны модернизациялоого өзгөчө көңүл бурууда.

Ведомстводон кабарлашкандай, бул багыттагы Бала-Саруу кичи ГЭСи 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча станция тарабынан 81,5 млн кВт.саат электр энергиясы өндүрүлдү. Ал эми бүгүнкү күндө пландалган 1,7 млн кВт·сааттын ордуна иш жүзүндөгү өндүрүш 2,15 млн кВт·саатты түзүп, план 24%га ашыгы менен аткарылды. Жетишилген көрсөткүчтөр жамааттын ырааттуу ишин жана жабдуулардын жогорку даярдык деңгээлин көрсөтөт.

Учурда кубаттуулугу 5 МВт болгон бир гидроагрегат иштеп жатат. Станция суу топтоо режиминде иш алып барууда. Сугат мезгили башталып, суунун агымы көбөйгөндөн кийин үч гидроагрегат тең толук ишке киргизилип, электр энергиясын өндүрүү көлөмү кыйла көбөйтүлөт.

Бала-Саруу кичи ГЭСи аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда.

Эске салсак, станция 2024-жылдын май айында пайдаланууга берилген. Ал Киров суу сактагычында, Талас облусунда жайгашкан. Орнотулган кубаттуулугу – 25 МВт.