Зулушев мекемелердин сыйлыктары “кандай жол менен берилээри” белгилүү экенин айтты
13 январь

Зулушев мекемелердин сыйлыктары “кандай жол менен берилээри” белгилүү экенин айтты

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында комитеттин башчысы Курманкул Зулушев мамлекеттик наамдарды реформалоого багытталган мыйзам долбоору толуктоолорго муктаж экенин билдирди.

Ал юстиция министринин орун басары Кубан Казаковдон Кыргызстанда “Эл” жана “Эмгек сиңирген” наамынын ээлерине кандай жеңилдиктер берилээрин сурады.

Казаковдун айтымында, аларга кошумча төлөмдөр каралган: “Эл” наамынын ээлерине ай сайын – 5 миң сом, ал эми “Эмгек сиңиргендерге” – 2500 сом.

“Эмгек сиңирген” наамын мамлекеттик сыйлыктар системасынан чыгарып, Министрлер Кабинетине берүү – биринчиден сыйлыктын макамын түшүрөт, мекемелик сыйлык болуп калат. Экинчиден, мекемелик сыйлыктар кандай жол менен берилээрин билебиз. Беш категория боюнча калтырып, калгандарын жоюп салуу туура эмес, жойсоңор баарын жойгула. “Эл акыны” наамы жоюлса, төкмө акындар кандай наам ала алышат? Төкмө акын эч убакта жазма акынга кирбейт”, – деди.

Ошондой эле, ал өмүр бою мамлекеттик сыйлык алууга умтулуп, ошон үчүн иштеген адамдар толтура экенин белгилеп, мамлекеттик сыйлыкты мекемелик сыйлыкка айлантпай, түп-тамырынан реформа кылууну сунуштады.