Кубанычбек Самаков “Эмгек сиңирген” наамын такыр эле жоюп салууну сунуштады
13 январь

Кубанычбек Самаков “Эмгек сиңирген” наамын такыр эле жоюп салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында юстиция министринин орун басары Кубан Казакстан мамлекеттик наамдарды 46дан 20га чейин азайтуу демилгеленип жатканын билдирди. 

Айтымында, сыйлыктардын түрү абдан көбөйүп кеткен жана мындан улам “Эмгек сиңиргенди” мамлекеттик наамдар системасынан чыгарып, Министрлер Кабинетинин деңгээлине берүү каралууда. 

Депутат Кубанычбек Самаков наамды системадан чыгаруу демилгеленсе, аны аягына жеткирүү зарылдыгын белгиледи. 

“Силер мамлекеттик сыйлыктарды 46дан 20га түшүрөйүн деп жатасыңар. Бирок кайра эле “Эмгек сиңиргенди” МинКабга берип жатасыңар. Бул наам токтом менен эле берилип калчу болсо, анда пачкалап берилет. Такыр эле алып салбайлыбы? Дүйнөлүк практиканы караш керек: Мадоннаны эмгек сиңирген артист деп айтышабы же Майк Тайсон эмгек сиңирген боксчу бекен? ” – деди ал.