Чукул билдирүү: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот
13 январь

Чукул билдирүү: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. 

Чыгыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал күтүлөт.

Электр чубалгыларынан, жарнамалык калкандардан, бак-дарактардан алыс болуңуздар. Кандайдыр бир кырсыкка кабылсаңыз 112 кызматына токтоосуз билдириңиз.

Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.