
Муфтият: Ажылык сапарга каттоо 7-октябрда башталат
Кыргызстанда 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо 7-октябрда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынан кабарлашты.
Талапкерлер баштапкы $2 миң жана кайтарымсыз 1 миң 200 сомду "Элдик банкка" төлөп, каалаган аймактык операторлорго (жашаган аймагына карабастан) муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук хатибияттарга баштапкы квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл.
Муфтияттан талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпай тургандыгын эскертишти.
Эске сала кетсек, Сауд Аравия 2025-жылдагы ажылык зыяраты үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлдү.