“Эмгек сиңирген” наамы мамлекеттик сыйлыктар системасынан чыгарылат – буга Марлен Маматалиев каршы
“Эмгек сиңирген” наамын мамлекеттик сыйлыктар системасынан жок кылуу эмес, тескерисинче, анын бир бөлүгүнө айлантуу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.
Эске салсак, комитет мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдар системасын реформалоо боюнча мыйзам долбоорун кароодо.
Айтымында, “Эмгек сиңирген” наамы мамлекеттик сыйлык системасынын бир бөлүгү бойдон калышы керек. Анткени, бул өз кесибинде көптөгөн жылдар бою иштеген жана жогорку деңгээлге умтулган адистин эмгегин таануунун маанилүү формасы болуп саналат.
Ал бул наамды мамлекеттик сыйлыктар системасынан чыгарып, Министрлер Кабинетинин жана министрликтердин деңгээлиндеги жөнгө салууга берүү – анын макамын жана маанилүүлүгүн ылдыйлатышы мүмкүндүгүн белгиледи.
“Адам кайсы бир деңгээлге жетүү үчүн өмүр бою иштеп жатса, андан кийин эле бул наам маанисин жоготуп койсо... бул туура эмес”, – деди депутат.
Белгилей кетсек, эгерде аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, учурда мамлекеттик сыйлыктардын катарында турган “Эмгек сиңирген” наамын берүү жана Ардак грамотасы менен сыйлоо Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
