
Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-сентябрда Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи.
“Эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп, андагы сүйлөшүүлөрдү айтылган сунуштар ийгиликтүү ишке ашырыла баштады. Кыргызстан калыптанган алакаларды дагы кеңейтип, тоо-кен, туризм, билим берүү өңдүү тармактарда кызматташууга кызыкдар. Айрыкча инвестиция жаатында тыгыз иш алып барып, жашыл экономика жана гидроэнергетика боюнча биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Бул багытта мүмкүнчүлүктөр өтө чоң”, – деди.
Ошондой эле соңку убактарда Улуу Британия мамлекетинде иштеп жаткан кыргызстандыктарга түзүлгөн шарт-жагдай жакшырганын айтканын Төрага муну менен аталган өлкөнүн алдыңкы окуу жайларында окууну каалаган жаштар көп экенин белгиледи.
“Андыктан, Улуу Британиянын жогорку окуу жайларынан билим алууга умтулган студенттерге квотаны көбөйтүү маселесине элчи катары өзгөчө көңүл бурасыз деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады Нурланбек Шакиев.
Андан тышкары, төрага парламенттер аралык байланыштар тууралуу кеңири кеп кылды.
“Улуу Британиянын парламенттаризм жаатында тажрыйбасы чоң. Биз сиздердин өлкөнү парламентаризмдин мекени деп билебиз. Ага ылайык, аталган багытта тажрыйба алмашып, кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди ал.
Муну менен катар быйыл Улуу Британияга расмий сапар менен барып келгенин эске салган Нурланбек Шакиев: “Тарыхый сапар байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түздү. Андыктан, алакаларды дагы күчтөндүрүү үчүн Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Парламентинин Общиналар палатасынын Тѳрагасын Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырам”, – деди.
Өз кезегинде элчи Николас Боулер да айтылган сунуштарды эске аларын белгилеп, эки тараптуу алакалардын учурдагы абалына токтолду.
Анын ичинен кыргызстандыктарды Улуу Британияда иш менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү 2029-жылга чейин узартылганын айткан Николас Боулер: “Былтыр 10 миңге жакын кыргызстандык жаран иштеп келди. Бул чет өлкөлөр үчүн бөлүнгөн квотанын 25%ын түзөт. Ошондой эле студенттер үчүн да квоталар 2 эсе көбөйтүлүп, алдыңкы окуу жайларда окууну каалаган кыргызстандыктарга стипендиялык программалар сунушталууда”, – деди. Мындан тышкары, Улуу Британиянын айрым жогорку окуу жайлары Бишкекте филиалдарын ачууга даяр экендигин, Кыргызстандагы мектептерди англис тилиндеги окуу китептери менен камсыздоо аракети көрүлүп жатканын маалымдады.
Жолугушууда сөз эркиндигине байланышкан маселелер да талкууланып, төрага Нурланбек Шакиев батыштагы өнөктөштөр, анын ичинен Улуу Британия мамлекети аталган маселеде тынчсызданбашы керектигин кошумчалады.
“Бизде “Баш кесмей бар, тил кесмей жок” – деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, сөз эркиндигин чектөө же аны ооздуктоо тууралуу аракет болгон эмес, мындан ары да болбойт. Бир гана сөз эркиндиги менен катар жоопкерчиликти да күчөтүшүбүз керек. Мындай талап сиздердин өлкөдө да бар”, – деди төрага.