Курманкул Зулушев министрдин орун басарына: Бул жакта туруп алып, кызматкерлериңизди “сен жооп бер” деп башкара бербеңизчи, макулбу?
Депутат Курманкул Зулушев экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитовго сын айтты.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында (башчысы Курманкул Зулушев) Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун баяндоого министр эмес, анын орун басары Чоро Сейитов келди.
Зулушев “тартип маселесин сүйлөшүп алуу” керектигин белгиледи:
“Биз регламент боюнча иштейбиз жана анын аткарылышын көзөмөл кылабыз. Баяндамачы өзгөрүп калса, комитетке бул тууралуу алдын ала билдириңиздер жана даярданып келиңиздер. Бул жерде туруп алып, залда отурган кызматкерлериңизди бирден тургузуп: “Сен жооп бер, сен жооп бер”, – деп башкарып албасаңыз, макулбу? Уруксат сураңыз, депутаттар макул болсо, жооп берет. Мыйзамда мыйзам долбоору боюнча ким баяндамачы болот, ким жооп берет, так көрсөтүлгөн. Анда толук министрликти алып келип отургузуп алыңыз ”, – деди Зулушев.
