
КРда башкы дарыгерлерге жеке клиникаларда толук эмес иштөөгө тыюу салынат
Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири депутат Айсулуу Мамашова белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети саламаттыкты сактоо жаатындагы өсүп жаткан чакырыктарга жана Кыргызстандын жарандарына ишенимдүү жана сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу, колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү.
«Тактап айтканда, мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда. Медициналык мекемелердин жетекчилери жеке клиникаларда иштөөгө алаксыбай, өздөрүн толугу менен өз милдеттерине жана өз мекемесин натыйжалуу башкарууга арнашы керек», - деди баяндамачы.
Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов мыйзам долбоорун колдоп, ага медициналык мекемелердин жетекчилерин гана эмес, бөлүм башчыларын да кошууну сунуштады.
Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева учурда мамлекеттик ооруканалардын айрым медициналык кызматкерлери бейтаптарды жеке клиникаларга жөнөтүп, мамлекеттик ооруканаларда операцияны көпкө күтүүгө туура келерин, ал эми жеке клиникаларда ыкчам кызмат көрсөтүлөрүн айтып, ушундай жол менен өздөрүнө кардарларды тартышарын белгилеп, бул практиканы жоюу керектигин кошумчалады.
Андан тышкары, эл өкүлү Эльдар Абакиров оорукана жетекчилеринин айлык акысын жогорулатуу керектигин айтып, ошону менен бирге алардын иштөө мөөнөтүн 10 жылдан 5 жылга чейин кыскартууну сунуштады.