Бишкек шаарында милиция кызматкерлери жабык жеке иш-чараларды уюштурууга бөгөт коюшту
Коомдун руханий-адептик баалуулуктарын коргоо, жаштардын моралдык бузулушуна жол бербөө, ошондой эле жарандарды, анын ичинде жаштарды, укукка каршы аракеттерге тартуунун алдын алуу максатында Бишкек шаарынын укук коргоо органдары тарабынан профилактикалык жана ыкчам-издөө иш-чаралары системалуу түрдө жүргүзүлүүдө. Өзгөчө көңүл адеп-ахлакка каршы жана тыюу салынган контентти таратуу фактыларын аныктоого, ошондой эле өсүп келе жаткан муундун адептик багыттарын калыптандырууга терс таасирин тийгизген адамдардын жана мекемелердин ишин токтотууга бурулууда.
Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 2026-жылдын 6-январында милиция кызматкерлерине борбор калаанын аймагында бир топ адамдар жабык жеке кечелерди уюштуруп, андан кийин фото жана видео материалдарды «Instagram» социалдык тармагында, ошондой эле Telegram каналдарынын биринде ачык жайгаштырып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факт Бишкек шаарынын ИИББнын маалыматтык электрондук журналына катталган.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө аталган иш-чаралар жабык мүнөздө болуп, алдын ала ойлонулган схема боюнча уюштурулганы аныкталган. Кечелер өткөрүлгөн жайлар ар бир жолу алмаштырылып турган, анткени алар алдын ала ижарага алынган имараттарда өткөрүлгөн.
2002-жылы туулган Т.И., 1996-жылы туулган И.А., 2001-жылы туулган О.Г., 1999-жылы туулган Р.Д. жана 2001-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран айымдарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-беренеси («Порнографиялык мүнөздөгү предметтерди таратуу») боюнча административдик протоколдор түзүлдү. Ар бир укук бузуучуга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында аталган жабык иш-чаралар өткөрүлгөн жайлардын биринин ишмердүүлүгү токтотулду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-беренесине ылайык айып пул салынды.
Укук коргоо органдары жарандарды, ата-энелерди жана жаштарды коомдук адеп-ахлак нормаларын жана мыйзам талаптарын сактоого чакырат, ошондой эле интернет-ресурстар жана мессенджерлер аркылуу интимдик мүнөздөгү материалдарды таратууга катышуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келерин эскертет.
