Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусуна катышты
2025-жылдын 15-ноябрында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешмесине катышты.
Жолугушуунун негизги күн тартибин аймактагы мамлекеттердин башчыларынын жетинчи Консультативдик жолугушуусуна даярдык маселелерин талкуулоо түздү. Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери алдыңкы кездешүүнүн күн тартибин, кабыл алына турган жыйынтык документтердин долбоорлорун, ошондой эле саясий кызматташууну тереңдетүү, аймак алдында турган негизги маселелерди биргелешип чечүү жана Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүүсү менен гүлдөп-өсүүсүн камсыздоого багытталган жаңы багыттарды аныктоо боюнча конкреттүү чараларды карады.
Министр Ж. Кулубаев Кыргызстан Борбордук Азиядагы ынак коңшулук жана өз ара урматтоо принциптерине бекем берилгенин белгилеп, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга жана аймактык туруктуулукту чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди жүзөгө ашырууга өлкөбүз толук даяр экенин баса белгиледи.
Кеңешменин жыйынтыгында тараптар көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө болгон даярдыктарын тастыктап, эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги маселелер боюнча туруктуу жана натыйжалуу диалогду улантууну макулдашты.
