Бишкекте жаңы сквер ачылды
Бишкектин Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сквер ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сквердин аянты 4173 чарчы метр. Анын 558 чарчы метри таман таш, ал эми 573 чарчы метри желим төшөлмө менен капталган.
Аянтта шахмат үстөлдөрү жана стол тенниси үчүн аянтчалар орнотулган. Балдар аянтчасы 521 чарчы метри желим төшөлмө капталып балдар үчүн оюн элементтери менен жабдылган.
Мындан тышкары, тренажерлору бар воркаут аянтчалары курулуп, сквердин 814 чарчы метри жасалма шибер менен кооздолгон.