УКМК: Эркин Мамбеталиевдин мүлкү  мамлекеттин балансына өткөрүлдү
25 сентябрь

УКМК: Эркин Мамбеталиевдин мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү

Кримтөбөл Эркин Мамбеталиевдин 5 млн 716 миң 307 АКШ долларын (489 млн 886 миң сом) түзгөн мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. 

Атайын кызматтын маалыматына таянсак, УКМК Ысык-Көл облусу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Э.Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен тапкан төмөнкү мүлктөрүн мамлекеттин балансына өткөрүп берди:

  • Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан «Эдельвейс» эс алуу борбору,
  • Бишкек шаарындагы 3 жана 2 бөлмөлүү батир,
  • Lexus LX 570 жана Dodge RAM үлгүсүндөгү эки унаа,
  • 3 гидроцикл,
  • 3 квадроцикл,
  • улуттук кийизден жасалган боз үй.

Учурда КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.