Пробация департаментинин башчысы электрондук көзөмөл деген эмне жана ал кантип иштээрин түшүндүрдү
25 сентябрь

Пробация департаментинин башчысы электрондук көзөмөл деген эмне жана ал кантип иштээрин түшүндүрдү

Анын айтымында, электрондук көзөмөл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана пробация жазасына чегерилгендерге сот тарабынан жүктөлгөн пробация милдеттеринин аткарылышын электрондук-техникалык жабдыктардын жардамы менен (электрондук билерик, “Уюлдук контроль” тиркемеси) көзөмөлдөп, анын натыйжасын жогорулатууга багытталган. 

“Электрондук көзөмөл абактан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган, пробациялык милдеттерди аткарбагандыгы үчүн эскертүү алган соттолуучуларга карата колдонулат”, - деди ал.

Казаков кошумчалагандай, программалык камсыздандыруу пробациялык жазага чегерилген жарандын кыймылын 24/7 режиминде күнү-түнү байкоого жардам берет. Анда соттолуучуга электрондук браслет тагылат же уюлдук телефонуна, планшетине уюлдук тиркеме жүктөлөт.