Ош шаардык клиникалык ооруканасында Органдарды трансплантациялоо борбору уюштурулат
25 сентябрь

Ош шаардык клиникалык ооруканасында Органдарды трансплантациялоо борбору уюштурулат

Ош шаардык клиникалык ооруканасында Органдарды трансплантациялоо борбору уюштурулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 25-сентябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түштүк регионунда Органдарды трансплантациялоо борборун уюштуруу жана ачуу пландалып жаткан Ош шаардык клиникалык ооруканасына барды.

Иш сапардын алкагында министр медициналык мекеменин учурдагы абалы менен таанышып, бөлүмдөрдү көрүп чыкты. Оорукананын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуп, Органдарды трансплантациялоо борборун ачууга даярдыктын негизги этаптары талкууланды.

Ооруканада акыркы технология менен жабдылган заманбап операциялык бөлмөлөр бар, алар татаал операцияларды, анын ичинде органдарды трансплантациялоого мүмкүндүк берет.