
Нарын жана Ысык-Көл облусундагы отканалардын күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилди
Иш сапарда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы №345 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө” Токтомунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүлүп берилип жаткан отканалардын 2024/2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилди.
Текешерүүнүн негизинде 2024/2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине Нарын облусу 95 %, ал эми Ысык-Көл облусу 90 % даяр экени маалым болду.
Тийиштүү жетекчилер алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу максатында, ар бир откананы оңдон-түзөөдөн өткөрүшкөн.
Министрдин орун басары Н.Керимов жылуулук менен камсыздоо ишканаларына оңдөп-түзөө, даярдык иштерин толук аткаруу жана аткарылып жаткан ишердин сапатына көңүл буруу боюнча тапшырма берилди.