Данияр Амангельдиев Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Германияга болгон жумуш сапарынын алкагында 62-Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Иш-чаранын алкагында Данияр Амангельдиев төмөнкү адамдар менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү:
- Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Антонио Таяни;
- Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич-Радман;
- Сербиянын Европа интеграциясы боюнча министри Неманья Старович;
- АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли;
- Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О`Салливан; - Европа Борбордук банкынын президенти Кристин Лагард;
- Европа Биримдигинин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела;
- ЕККУнун мурдагы Башкы катчысы Хельга Шмид.
Жолугушуулардын жүрүшүндө санкциялар жаатындагы кызматташтык маселелери, ошондой эле Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин жылдыруу маселелери талкууланды.
