Сузакта 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты
12 январь

Сузакта 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты

2026-жылдын 3-январь күнү Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 102 номерине Сузак районунун 1990-жылы туулган тургуну чалып, ал ошол күнү 19:55 чамасында 1997-жылы туулган жубайы менен өз ара пикир келишпестиктен улам өлтүрүп алгандыгын билдирген.

Аталган маалымат Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад ОИИБдин, Сузак РИИБдин жетекчилиги жана райондук прокуратурасынын катышуусунда окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, далил буюм катарында 1 даана аш бычагы алынып, 1997-жылы туулган Т.Р.кызынын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркумдун күйөөсү 1990-жылы туулган Д.Я. РФда эмгектенип жүрүп, 2026-жылдын 2-январь күнү үйүнө кайтып келгендиги жана жубайы 1997-жылы туулган Т.Р. кызы менен пикир келишпестиктен улам, аш бычак менен бир нече жолу көкүрөк тарабына сайып өлтүргөндүгү маалым болгон.

2026-жылдын 4-январь күнү кылмышка шектүү катарында 1990-жылы туулган Д.Я. Сузак райондук соту тарабынан камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.