Тармактык комитетте пандемиялардын алдын алуу жана экосистемалардын саламаттыгын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралды
12 январь

Тармактык комитетте пандемиялардын алдын алуу жана экосистемалардын саламаттыгын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (Пандемиялардын алдын алуу, даярдык жана ага каршы чара көрүү трасттык фондунун администратору катары чыгуучу) ортосундагы «Борбордук Азияда пандемиялардын алдын алуу, азык-түлүк системаларынын туруктуулугун жана экосистемалардын саламаттыгын камсыз кылуу үчүн «Бирдиктүү саламаттык» программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты. 

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Маалымат менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев тааныштырып, долбоордун негизги багыттары болуп зооноздук инфекциялар менен күрөшүү (жаныбарлардын ооруларына мониторинг жүргүзүү тутумун бекемдөө, эффективдүү диагностикалык жана дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуу, жаныбарлардан адамга инфекция жугуунун коркунучу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу), антимикробдук препараттарга туруктуулуктун алдын алуу (ветеринарияда жана медицинада антибиотиктерди рационалдуу пайдалануу, альтернативдик дарылоо ыкмаларын өнүктүрүү, антибиотиктерге туруктуу бактериялардын жайылышын алдын алуу) жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу (тамак-аш өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн бардык баскычтарында санитардык шарттарды жакшыртуу, продукциянын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү) саналарын белгиледи. 

«Бирдиктүү саламаттык» программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык, насыялык каражаттар - 30,0 млн АКШ доллары. Гранттык макулдашууга ылайык, гранттык каражаттар – 1,79 млн АКШ доллары. Насыялык каражаттар 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен, 0 үстөк пайыз менен берилет», – деди баяндамачы.

Талкуу маалында депутат Табылды Муратбеков долбоордун алкагында конкреттүү түрдө жасала турчу иштерди тактап, алынган каражатты максаттуу пайдаланууга чакырды. Депутат Азизбек Турсунбаев долбоордун негизинде салына турчу лабораторияларга жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкты. Депутат Санталат Аманова өлкө боюнча беккари чуңкурларынын (өлгөн жаныбарларды, биологиялык калдыктарды санитардык эрежелерге ылайык көмүү үчүн жасалган атайын чуңкур) абалын жакшыртуу ишин долбоорго кошууну сунуштады. Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева жугуштуу оорулардын келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча атайын механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын айтты. 

Комитет мындан тышкары «Женева шаарында 2022-жылдын 17-июнунда Дүйнөлүк соода уюмунун 12-министрлер конференциясында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна (Балык уулоо жаатындагы субсидиялар жөнүндө макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө»мыйзам долбоорун дагы биринчи окууда жактырды.