Таласта киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды
2026-жылдын 11-январь түнү Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас облусунун биргелешкен ооруканасынан телефон чалып, Талас районунан тез жардам аркылуу белгисиз жаранды оор абалда ооруканага алып келгендигин билдирген.
Ошол эле күнү Талас РИИБне Талас районунун тургуну Э.С. арыз менен кайрылып, 1968-ж.т атасы Э.Ж каза болгондугуна байланыштуу күнөлүү жаранды аныктап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган арыз Талас РИИБ тарабынан маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Талас РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, окуяга шектүү катары Талас районунун 1977-ж.т. тургуну Т.Б. кармалган. Окуя боюнча каза болгон жаран Э.Ж менен өзү жашаган үйдө спирт ичимдигин ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам мас абалында Э.Жны таяк менен башына чаап салганын айткан. Жабырлануучу Талас облусунун биргелешкен ооруканасында каза болуп, каза болгон жаран Э.Ж.га карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Талас РИИБ тарабынан шектүү Т.Б. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-бер. 3-бөл. 1-п. (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
