Кыргызстандыктар сифилиске көбүрөөк, ал эми кургак учукка азыраак чалдыга баштады
27 ноябрь

Кыргызстандыктар сифилиске көбүрөөк, ал эми кургак учукка азыраак чалдыга баштады

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын октябрь айында өлкөдө жалпы 37 миң инфекциялык жана паразитардык оорулар катталды. Бул көрсөткүчкө курч респиратордук-вирустук инфекциялар (КРВИ) да кирет.

Бардык катталган оорулардын ичинен эң чоң үлүштү КРВИ – 76,5% түздү.
Ошондой эле, курч ичеги инфекциялары – 9,3%, энтеробиоз – 2,8%, белгилүү козгогучтардан улам пайда болгон гастроэнтерит жана колит – 2,2%, аскаридоз – 1,8% болду.

2025-жылдын январь–октябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100 миң адамга эсептегенде төмөнкү оорулар боюнча өсүш байкалган:

курч респиратордук-вирустук инфекциялар – 18,5%га, курч ичеги инфекциялары – 16,4%га, сифилис – 2 эсеге, ВИЧ-инфекциясы – 7,9%га жогорулаган.

Ошол эле учурда бир катар оорулар боюнча төмөндөө тенденциясы белгиленди:

вирус гепатити – 50,2%га, ботулизм – 12,5%га, кургак учук – 4,4%га азайган.