Ат-Башы районунда 307 трансформатор оңдоодон өткөрүлөт
14 май

Ат-Башы районунда 307 трансформатор оңдоодон өткөрүлөт

Быйыл "КУЭТ" ААКнын филиалы Нарын электр тармактары ишканасына караштуу  Ат-Башы райондук электр тармактары 2025-2026-жылга карата күз-кыш мезгилине даярдыктардын алкагында планга  ылайык оңдоп-түзөө иштерин улантууда.

Утурумдук жана капиталдык оңдоо иш планына ылайык жалпы 307 даана трансформатор, 10 кВ - 452,6 ал эми 0,4 кВ - 312,8 чакырым аба чубалгылары жыл аягына чейин толук бүткөрүүнү мерчемдеген, бүгүнкү күндө 49 трансформатор, 85,3 чакырым аба чубалгы оңдолду.

Мындан тышкары, капиталдык курулуш боюнча төмөнкү иштер аткарылат:
-жалпы 3 км 900 метр 10 кВ СИП-3 жана 0,4 кВ СИП-2 аба чубалгыларын жаңы куруу, 
-10 кВ - 7,3 км жана 0,4 кВ - 9 км аба чубалгысын кайра куруу, 
- 400 кВА кубаттуулуктагы 3 даана ГКТП орнотуу,
-4 даана кубаттуулугу 400 кВА комплекттүү көмөкчү чордондун шкафын алмаштыруу,
- 1 даана реклоузер орнотуу.

Маалымат катары, Ат-Башы районунун Талды-Суу айылындагы электр энергиясын бөлүштүрүүнү жакшыртып, жергиликтүү тургундар үчүн үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылуу үчүн 35/10 кВ “Талды-Суу” КЧнун куруу, 
Ат-Башы районунда эскилиги жеткен имараттын ордуна 382 м2  аянттуу 2 кабат жаңы кеңсе куруу пландалып, азыркы тапта куруу иштери жүрүп жатат.