Манас шаарына Юстиция министрлигинин жаңы имараты салынды
Манас шаарынын борборунда Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Курулуш иштери 2024-жылдын июль айында Курулуш министрлиги тарабынан башталган.
Каржылоо мамлекеттик казынадан каралып, 58 миллион сом бөлүнгөн.
Долбоорго ылайык, имарат 3 кабаттан туруп, заманбап үлгүдө курулган жана керектүү бардык жабдуулар менен камсыздалган.
